Биримкул атындагы орто мектеби 1967-жылы курулуп,1968-жылы бүтурүлүп ишке берилген.
Ошол кезде Октябрь №1 орто мектеби эки кабаттуу мезгилге ылайык,бөлмөлөрү жарык,окууга бардык шарттары бар мектеп курулуп,ишке берилген.
Бул мектеп 536 окуучуга ылайыкталып окуучулардын билим алышына шарт тузулуп,ишке киргизилет.
1991-жылдан тартып Асылбаш айылынын тургуну,айылдын алгачкы билимдүүлөрдүн бири “Эл агартуунун отличниги”көптөгөн сыйлыктардын ээси,Биримкул Балбаевдин ысымы мектепке ыйгарылат.
1994-2004-жылдар аралыгында Биримкул атындагы орто мектеби гимназия статусун алып келген.
Бүгүнкү кундө мектепте 420 окуучу билим алат.Мектептин билим сапаты 42% түзөт.
Мектептик билим берүүсү төмөнкү III баскычтан турат.
1.Башталгыч жалпы(1-4-класстар)
2.Негизги жалпы (5-8-класстар)
3.Орто жалпы (10-11-класстар).
Билим берүүну өз ичине камтыйт.
Мектепте окууту 6-жаштан тартып башталат.Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жонундөгү”мыйзамына ылайык башталгыч жана негизги жалпы мектепке окуу жалпыга бирдей милдеттүү түрдө ишке ашырылат жана окутулат.
Мектеп ичинде 4 бирикме негизделген,ар бир бирикменин жетекчиси жылдык план, иш-чаралардын пландарын түзүшөт жана жыл боюу түзүлгөн пландын негизинде иш алып барышат.
Ийримдер боюнча айта кетсек,мектепте 5 ийрим негизделген:
1.»Ыр булагы» ийрими
2.»Комуз»ийрими
3.»Жаш биолог» ийрими
4.»Волейбол,баскетбол» ийрими
5.»География»ийрими.
Бул ийримдерди алдыңкы мугалимдер жетектейт.
Мектепте ашкана иштетилет,1-4-класстын окуучулары ысык тамак менен камсыз болушат.Бүгүнкү күндө ысык тамак менен 168 окуучу камсыз болгон.