Мектеп жөнүндө маалымат

 

Биримкул атындагы орто мектеби 1967-жылы курулуп,1968-жылы бүтурүлүп ишке берилген.

Ошол кезде Октябрь №1   орто мектеби эки кабаттуу мезгилге ылайык,бөлмөлөрү жарык,окууга бардык шарттары бар мектеп курулуп,ишке берилген.

Бул мектеп 536 окуучуга ылайыкталып окуучулардын билим алышына шарт тузулуп,ишке киргизилет.

1991-жылдан тартып Асылбаш айылынын тургуну,айылдын алгачкы билимдүүлөрдүн бири “Эл агартуунун отличниги”көптөгөн сыйлыктардын ээси,Биримкул Балбаевдин ысымы мектепке ыйгарылат.

 

Мектеп жөнүндө маалымат

1994-2004-жылдар аралыгында Биримкул атындагы орто мектеби гимназия статусун алып келген.

Бүгүнкү кундө мектепте 420  окуучу билим алат.Мектептин билим сапаты 42% түзөт.

Мектептик билим берүүсү төмөнкү III баскычтан турат.

1.Башталгыч жалпы(1-4-класстар)

2.Негизги жалпы (5-8-класстар)

3.Орто жалпы (10-11-класстар).

Билим берүүну өз ичине камтыйт.

Мектепте  окууту 6-жаштан тартып башталат.Кыргыз Республикасынын  “Билим берүү жонундөгү”мыйзамына ылайык башталгыч жана негизги жалпы мектепке окуу жалпыга бирдей милдеттүү түрдө ишке ашырылат жана окутулат.

Мектеп ичинде 4 бирикме  негизделген,ар бир бирикменин  жетекчиси жылдык план, иш-чаралардын пландарын түзүшөт жана жыл боюу түзүлгөн пландын негизинде иш алып барышат.

Ийримдер боюнча айта кетсек,мектепте 5 ийрим негизделген:

1.»Ыр булагы» ийрими

2.»Комуз»ийрими

3.»Жаш биолог» ийрими

4.»Волейбол,баскетбол» ийрими

5.»География»ийрими.

Бул ийримдерди алдыңкы мугалимдер жетектейт.

Мектепте ашкана иштетилет,1-4-класстын окуучулары ысык тамак менен камсыз болушат.Бүгүнкү күндө ысык тамак менен 168 окуучу камсыз болгон.

Мектеп жөнүндө маалымат

Мектеп жөнүндө маалымат

Мектеп жөнүндө маалыматМектеп жөнүндө маалымат Мектеп жөнүндө маалымат Мектеп жөнүндө маалымат