Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1997-жылы 24.10 №376/1 менен бекитилген жалпы билим берүү уюму жөнүндөгү типтуу жобонун негизинде “Уставы” иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 21.04.2014-жылы №403 токтому менен бекитилген.”Кыргыз Республикасынын жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде билим берүү үч баскычты камтуу менен жүргүзүлөт
Билим берүү мекемесинин түрү — бюджеттик билим берүү мекемеси. Биримкул атындагы орто мектеби — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштеген мамлекеттик билим берүүчү мекеме болуп саналат. Жобого тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди, жаңы госстандартты киргизүүгө жана кызыкдар тараптардын аныкталган муктаждыктарына байланыштуу жаңы жергиликтүү актылар иштелип чыкты. Ички жергиликтүү актылар педагогикалык жамаат тарабынан педкеңеште каралып, кабыл алынган жана директордун буйругу менен бекитилген. Жергиликтүү актылар мектептин ишин төрт багытта жөнгө салат:
Мекеменин түрү-«орто мектеп» уюштуруу-укуктук формасы- бюджеттик билим берүү мекемеси. Негизделген жылы-1968 ж Мектеп эки кабаттуу |
2021-жылдын 28-августтагы №1 педагогикалык кеңешмеде бекитилген мектептин өнүктүрүү планында ( стратегиялык планы)жана учурдагы окутуп тарбиялоону жакшыртуу планында(ОТЖП) мектептин миссиясы, максаты чагылдырылган. Мектептин миссиясы түзүлүп, стратегиялык максаттар бекитилген. Мектептин миссиясы— Жалпы билим берүүчү мекеме болуу менен бирге,жалпы билим берүүдө ата-эне,коомчулук менен тыгыз байланышта болуу менен,алган билимдерин турмушта пайдалана алган,ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо.
Максаты: Окуу тарбия процессинде заманбап технологияларды пайдалануу аркылуу сапаттуу билим жана тарбия берүү менен компетенттүү инсанды окутуп,тарбиялоо. Мектеп жамааты алдыга койгон максатка жетүү үчүн,төмөнкү стратегиялык планы түзүлгөн: 1.Окуу-тарбиялык
Улуттук маданиятын баалууктарын жана тарыхын үйрөтүүнүн негизинд
|
Мектептин башкаруу ишмердүүлүгү мектептин директоруна жана анын орун басарларына бөлүштүрүлгөн бардык кызматкерлердин милдеттери иштелип чыккан. Мектеп администрациясы мугалимдерге усулдук жардам берүү менен окуу – тарбия процессин “мугалим-окуучу-мугалим” принцибинде кызматташуу багытында иш жүргүзөт. Мектепте усулдук бирикме жана алардын жетекчилери бекитилип, алдыга максаттары коюлуп иш пландар түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө башталгыч класстарынын мугалимдери ата-энелер менен бирдикте “Бирге окуйбуз” долбоорунун ийгиликтүү аяктап, мектептин иш-чаралары райондук семинарларда көрсөтмө катары көрсөтүлдү. Учурда башталгыч класстын мугалимдери китепканачы менен бирдикте ”Окуу керемет” долбоорунун алкагында иштеп жаткан учуру — Жаш мугалимдерге усулдук жактан жардам көрсөтүү максатында “Устат жана шакирт” иши жолго коюлган. Жаш мугалимдерге насаатчылар бекитилген. Насаатчынын жаш адис менен иш алып баруучу иш планы, жаш адистин кесиптик өнүгүүсү боюнча иш чаралар жыйнагы жана насаатчылыктын функциялары милдеттери түзүлгөн. |
Мектепте этикалык ченемдик актылар окуучулар үчүн да, педагогдор үчүн да 28.08.2021-жылы №1 пед кеңеште каралып, бекитилген..
Окуучунун тартип эрежеси:
Дежур окуучунун мектептеги милдети | Мектептин совет профилактикасы |
Мектеп билим берүү программаларынын өз максаттарына жетүүсүн жана окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн мониторингдер жүргүзүлүп, бааланып турат. Мектептеги окуучулардын билим сапатын текшерүү чейрек сайын өтүлөт. Мектептеги билим берүү программалрын иштеп чыгууга, бекитүүгө, мониторингдөөгө жана мезгили менен баалоонун чен-өлчөмдөрү коюлган: Мектептин миссисы менен дал келген жана мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талабына ылайык максаттары коюлган:
Мониторинг жүргүзүү (билимин баалоо, жетиш, катыш) Мониторингдердин жана балоонун жыйынтыктары бардык кызыктар тараптар менен бирген талдап, талкууланат
Мектеп КРнын Билим берүү жана илим министрлиги сапаттуу билим берүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, окуу жана билим берүүчү технологияларынын мазмунун жаңыртуу, ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатын койгон билим берүүнүн өнүгүү Стратегиясын жана КРнын өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы №590-токтомуна, Республиканын мектептик билим берүү системасына предметтик стандарттарды баскычтуу киргизүү боюнча иш-чаралардын планына ылайык милдеттердин максаттардын негизинде иш алып барууда . Мугалимдер предмети боюнча окутуунун оптималдуу варианттарын жана интерактивдүү усулдарын пайдалануу менен сабак берүүнүн сапаты жакшы деңгээлге көтөрүлдү. Олимпиада окуучулардын фундаменталдык предметтерге болгон кызыгуусун арттыруу, жөндөмдүү балдардын инсандык чыгармачылыгынын өнүгүшүн камсыз кылуу жана бул предметтердин маанисин, кадыр-баркын жогорулатуу, окуучулардын чыгармачылыгын жана ой-жүгүртүүсүн өстүрүү, интелектуалдык оозеки жана жазуу иштеринин калыптанышын, сабаттуулук деңгээлин көтөрүү максатында өткөрүлөт. Окуучулар ЖРТ дө,райондук олимпиадаларда билим деңгээлин көрсөтүп келишет.Мектептин алдыңкы окуучулары өзгөчөлөнгөн күбөлүк жана артыкчылык аттестаттарга ээ болушат. Биримкул атындагы орто мектебинин өзгөчөлөнгөн күбөлүк алган окуучулар боюнча маалымат.
|
|
Ата эне, коом , айыл өкмөт, мектеп менен бирдикте балдарга мектеп ичинде ыңгайлуу микроклимат түзүү механизми иштелип чыккан.
Мектеп айыл өкмөтү , ата-энелер, милиция кызматкерлери, врачтар , жаштар уюму, жогорку, орто окуу жайлар жана башка органдар менен кызматташуу менен окутуу- тарбиялоо иштерин жүргүзөт. Ата – энелер балдарынын окууга болгон жөндөмдүүлүктөрүн жакшыртуу үчүн мектептин коомдук иштерине активдүү катышып келишет. Окуу жылынын ичинде ата- энелер үчүн «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлөт, анын жүрүшүндө ата-энелер балдарынын окуган классын көрүү үчүн чакырылып, ошондой эле мугалим менен кезигип аларга окуучулар кантип жана эмнени окушарын демонстрациялоо үчүн чакырылып турат. Ата – энелер мектептеги китепкананы өнүктүрүүгө жардам беришти. « Бир адамдан бир китеп» долборунун алкагында акция уюштурулуп, спонсолор тарабынан 1-класска 25 даана алиппе китеби 2021-2022-окуу жылына алынып берилип мектеп китепканасына китеп фондуна кошулду. Ата – энелер менен бирдикте ай сайын өтүлүүчү, азыркы күндөгү актуалдуу проблемалар каралып, балдары мугалимдер менен бирдикте талкуууга алышат «Кылмыштуулук», «Зордук зомбулук», «Суицидди алдын алуу», «Кыздар жана балдар» арасындагы иш -чаралар «Интернеттин пайдасы жана коркунучу», «Мигранттардын балдары менен иштөө» ж.б иш- чаралар үзгүлтүксүз өтүлүп турат. 1-4-класстарга ысык – тамакты уюштурууда, ата – энелер комитетинин салымы да бар. Алар кошумча акча берүү менен балдарды толук кандуу ысык тамак менен камсыз Ата – энелер мектептин материалдаык техникалык базасын чыңдоодо да кем калышпастан,колдорунан келген жардамды аябай келет. Алардын жардамы менен кабинеттер жасалгаланып, класстын физикалык мейкиндигин курууда жана жашылдандырууга өз салымдарын кошушат. Милиция кызматкерлери өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана талап тоноо арыздашуу сыяктуу көмүскөдөгү терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып кесепеттери менен күрөшүүдө мааниси чон. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алууда түздөн түз өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспектору иштейт. Мектеп ичинде замандын талабына ылайык «Коопсуз мектеп», «Зордук зомбулуксуз мектеп», «Балдардын укугун коргоо», « Кылмыштуулукту алдын алуу», «Рекетчилик» , «Кыздар менен иш алып баруу», «Балдар менен иш алып баруу» план программалары милиция кызматкерлери менен бирдикте иш — чаралар алынып барылат.азыркы учурда жаштардын тарбиясына өзгөчө маани берип, келечекте кылмыш жолуна түшпөй бекем ден соолукта өсүп сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп берүү жеке гана мектептин милдети эмес жалпы коомчулуктун милдети. Милиция кызматкерлери окуу жылы башталгандан мектептин социалдык паспортун түзүп, окуучулар арасындагы көйгөлүү үй- бүлөөдөгү балдарды, тартиби, мүнөзү оор окуучуларды, мигранттардын балдарын, жетим балдарды изилдөө иштерин жүргүзүп, соцпедагогдор менен тыгыз байланышта иш алып барышат. Ай сайын ИДНкызматкерлери лекцияларды, тегерек стол уюштуруп, талкуу иштерин жүргүзүшөт. Мүнөзү оор балдар менен жекече аңгемелешүүлөрдү алып барышат. Майрам күндөрү милиция кызматкерлери менен бирдикте түнкү рейддер уюштурулат. Окуучулардын соода түйүндөрдө, спорт аянчаларында жана башка коомдук жайларда түнкү саат 22.00дон кийин көчөдө жүргөн балдар менен жекече баарлашуу болуп турат. Мектепте «Жаш инспекторлордун» ИДН курамы түзүлгөн, курамдын мүчөлөрү жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча түрдүү иш – чараларды, кароо- сынактарды алып барышат. баруу жагы жакшы жолго коюлган. |
Жалпы билим берүү уюмунун Интернетке туташтырылган 2 компьютери бар, компьютердик класс 13 компьютер менен, 1проектор бар.
Мектептин ишмердүүлүгү жөнүндө туруктуу негизде маалымат берилип турат. ИСУО https://emis.edu.gov.kg/, Элмектеп, Жаңы китеп менен иш жүргүзүлөт. Мектепте ата-энелер класстарынын комитеттери, мектептин жалпы ата-энелер комитети ., ата -энелер чогулушу слайд, фоторепортаж, ата -энелер комитеттеринин төрагаларынын жолугушуулары, бюджеттик угуулардын жардамы менен дайыма өткөрүлүп турат. Окуу процессинин жүрүшү, максаттары жана натыйжалары тууралуу коомчулукка маалымат берилет. Окуу жылынын аягында кызыкдар тараптардын чакыруусу менен бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын чыгымдалышы боюнча коомдук угууларды өткөрүү пландалууда. 2021 -жылы мектептин веб -сайты ачылган, мугалимдердин иштөө методу менен алмашуу, окуучулардын тарбия иштерин чагылдыруу үчүн, мектептин аккредитациясы ж.б. жана электрондук почта 2021-жылы педагогика жана башка билим берүү булактары боюнча үзгүлтүксүз маалымат алуу максатында түзүлгөн.Ошондой эле, мектепте ата -энелердин тыгыз байланышын ишке ашыруу үчүн ата энелердин окуучуларынын ийгиликтерин көзөмөлдөө үчүн электрондук күндөлүк бар. | Мектептин электрондук дареги |
Күчтүү жактар: Мектептин педагогикалык жамааты Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык, негизги жана стратегиялык окуу программасы боюнча иштейт. Билим сапатына, окуучулардын сапатына мониторинг жүргүзүү,
Биримкул атындагы орто мектеби билим берүү программаларына мониторинг жүргүзүп, мезгил-мезгили менен баалап турат.
Мектеп мугалимдери өз максаттарына жетип, окуучулардын жана ата-энелердин муктаждыктарын канааттандырат.
Мектеп окуучулары район жана облус боюнча ар кандай номинациялар боюнча байгелүү орундарды ээлешет.
Башталгыч класстын мугалимдери USAID менен иштешип, окутуунун методикасын өркүндөтүшөт.
Алсыз жактар:
Мектепте билим берүү программасын камсыз кылуу үчүн окуу китептери жетишсиз .
Мектепте заманбап интерактивдүү жабдуулар, оргтехника, окуу куралдары жок, практикалык жана лабораториялык иштер үчүн реактивдер, приборлор, усулдук адабияттар жетишсиз.
Биримкул атындагы орто мектебине педагогикалык кадрларды ишке кабыл алуу КР эмгек кодексинин талаптарына ылайык жүргүзулөт. Педагогикалык ишке зарыл болгон,педагогикалык квалификациясы бар,кызматы жана адистиги боюнча квалификациялык мүнөздөмөнүн талаптарына туура келген билими жөнүндө документи бар адамдар кабыл алынат. Жалпы билим берүү уюмдун кызматкерлерине жана администарациясына карата КР эмгек кодексинде каралган эмгек мыйзамдары колдонулат.Эмгек келишиминин жарактуулук мөөнөтү КРнын эмгек жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык аны түзүүдө кызматкер жана жумуш берүүчү тарабынан аныкталат.Соттолгон же КР өкмөтү бекиткен тизме боюнча медициналык көрсөткүчтөрү бар жарандарга жалпы билим берүү уюмдарында иштөөгө жол берилбейт. Биримкул атындагы орто мектебинде персоналдын, окугандардын, социалдык өнөктөштөрдүн жүрүм-турумунун этикалык ченемдери жана мектепке кабыл алуу боюнча эрежелер топтому иштелип чыккан. Учурда мектептин педагогикалык кадр менен камсыз болушу 100%. Педагогикалык кадрлардын жалпы саны- 28 Анын ичинен жогорку билимдүүсү-25 мугалим, бакалавр-3 КР нын “Билим берүүсүнүн отличниги” — 9 | Мугалимдердин эмгек стажы боюнча бөлүнүшү(мониторинг) |
Жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык жамаатынын штаты программада ишке ашырылган билим берүү процессинин талаптарына ылайык келет.Мектепте 28 мугалим эмгектенет, алардын экөө учурда декреттик өргүүдө.Мугалимдердин 80% жогорку билимдүү. Мугалимдердин 100% квалификациялык адистикке ылайык иштешет. Билим берүүнүн мыктысы- 9 мугалим.Жыл сайын мектеп кызматкерлери кыска мөөнөттүү квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп турушат. | Биримкул атындагы орто мектебинин мугалимдеринин маалымат базасы. |
Мектеп кызматкерлерине эмгекти коргоо, коопсуздук жана ушул сыяктуу мыйзамдарга таандык башка багыттар боюнча окутуулар өткөрүлөт. Мектеп ар бир адамга квалификациясын жогорулатуу институттарында жана окуу семинарлары, конкурстарга жана конференцияларга катышуу аркылуу үзгүлтүксүз окутууну уюштуруу менен адистердин кесиптик квалификациясын сактап калуу зарыл деп эсептейт.Мектеп өз кызматкерлерине окуу жылындагы тарификацияга ылайык эмгек акынын туруктуу бөлүгүн төлөп берет. Иштин натыйжасында кызыктыруучу төлөмдөр төмөнкү көрсөткүчтөрдү эске алуу менен аныкталат:жогорку сапаттагы билим берүүнү камсыз кылуу;натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн жана иштин натыйжалуулугунун жогорку деңгээли;мектептин жергиликтүү актыларына ылайык, стимул фондунун төлөмдөрүн жөнгө салуучу аткаруучулук тартиптин жогорку деңгээли;эмгек өргүүсүн жана эмгекке жарамсыздык баракчасын төлөө.Ошондой эле моралдык жактан дем берүү, наам берүү, ардак грамоталарын тапшыруу, мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу тутуму иштелип чыккан. Мектептин маданий базасы анын тарыхында калыптанган каада-салттарга негизделген.Жарандык коргонуу иш-чаралары окуучулар менен коопсуздук талаптарына ылайык жыл сайын өткөрүлүп турат. Ар бир кабатта мектепти эвакуациялоо планы бар.Физика, информатика жана технология, химия кабинеттеринде, коопсуздук техникасы жана класстардагы жүрүм-турум эрежелери боюнча журналдар бар. Укук бузуулардын алдын алуу үчүн ИДН, айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери чакырылып турат. Соц. педагог жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөр менен тыгыз байланышта болуп турат. Мектептин окуучуларын мугалимдерден уюштурулган кезмет дайыма кечкисин текшерип турушат.Мектепке профилактикалык иш-чаралар менен ИДН кызматкерлери үзгүлтүксүз келип турат. Социалдык мугалимдин иши психологиялык климатты жакшыртууга багытталган. Мектептин температуралык режими санитардык стандарттарга жана талаптарга жооп берет. Мектептин бөлмөлөрү жарык, желдетилген жана жашылдандырылган.Мектептин маалымат коопсуздугу тутуму маалымат базаларынын жана андагы купуя маалыматтардын массивдеринин коопсуздугун камсыздайт.Кызматкерлер жана окуучулар кире алган электрондук почта көзөмөлдөнөт. | Эмгек келишими(Трудовой договор) |
Мектеп Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана эмгек мамилелерине байланыштуу башка мамлекеттик ченемдерге ылайык, кызматкерлердин заманбап жабдууларын жана жумуш орундарынын абалын камсыз кылууга умтулат.Зыяндуу эмгек шарттары бар жумуш ордуларында иштеген жумушчуларга жеңилдиктер жана компенсациялар жөнүндө мыйзамдарды сактайт.Кызматкерлерди мамлекеттик пенсиялар менен камсыз кылуу, анын ичинде төгүмдөрдү которуу боюнча зарыл чараларды көрөт жана кызматкерлер жөнүндө жеке маалыматты пенсиялык фондго берет.Квартал сайын стим фондду төлөнүп турат.Мугалимдердин иши каттар жана ыраазычылыктар менен кубатталат. Мугалимдердин мотивациясын күчөтүү — бул инновациялык технологияларды иштеп чыгуу, билим берүү процессинде талаптардын биримдигин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Мектептеги педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана тарбиялоочу персоналдын ишмердүүлүгүнө баа берүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт.Тактап айтканда:Эмгекке сыйлык берүү жол -жобосунда дагы бир маанилүү нерсени белгилеп кетүү керек. Мугалимге карата колдонулуучу эмгек үчүн бардык стимулдар стимулдун конкреттүү түрүн көрсөтүү менен директордун тиешелүү буйругун (көрсөтмөсүн) берүү менен таризделет (бул үчүн кызматкер эмгектеги конкреттүү жетишкендиктерге шыктандырылат). Буйрук билим берүү мекемесинин кызматкерлерине жеткирилет. Мамлекеттик, ведомстволук сыйлыктар билим берүү кызматкерлерин тарбиялоодо, билимде, илимде, экономикада сиңирген эмгеги жана жетишкендиктери үчүн стимулдаштыруу жана стимулдаштыруу формасы катары сыйлыктарга көрсөтүлөт. |
1. Мектепте окуучуларды шыктандыруу жана окуунун натыйжасына жетишүүсүнѳ түрткү берүү, жардам берүү үчүн ар бир класска бекитилген класс жетекчилер иш алып барат.Мындан тышкары мектепте балдар менен иштѳѳ үчүн социалдык педагог бекитилген иш мерчеминин негизинде иштейт.2 Мектептин штатына бекитилген медициналык кызматкер жок болгондугуна байланыштуу окуучулардын жана педагогикалык курамдын ден-соолугуна кам кѳрүү айылдык Үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун медициналык кызматкерлери тарабынан камсыздалат. Мектептин натыйжалуу ийгиликтери, окуучулардын билим сапатынын жогору болушу бирден бир мектептин материалдык-техникалык базасына көз каранды. Мектептин материалдык –техникалык абалы жакшы,19 окуу кабинети, 1 спорт зал, 2 лаборатория кабинети, 1 кол эмгек кабинет бар. Мектепке от жагуу киргизилген жана мектепте кышкысын жылуулук режим сакталат. Мектепте канализация иштебейт. Мектеп имаратында суу ашканада чыгат, суу түтүкчөсү мектептин короосунда бар. Окуу кабинеттери, спорт зал,ащкана жакшы абалда. Мектепте ашкана иштейт. 1-4-класстын168 окуучуларына ысык тамак берилет. Мектеп ашканасы 50 орундук стол, стулу, электроплитка, идиш-аяктар, идиш жуугуч каражаттар менен камсыз кылынган. Мектеп администрациясы , ата энелер, ГСВ, санэпидстанция тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Мектепте 13 компьютер окуучулар үчүн, 3 компьютер мугалимдер үчүн иштейт. Ошондой эле 1 проектор ноутбугу менен 1 принтер-ксерокс бар . |
Мектепте окуучунун муктаждыктарына багытталган жана коопсуздуктун бүтүндүгүн камсыз кылган жана бардык тобокелдиктерди минимиалдаштырган чөйрө түзүлгөн:— психологиялык социалдык коопсуздук. Дискриминация четтетилет, толеранттуу чөйрөнү түзөт.-окуучуларга маалыматтык коопсуздук түшүнүгү берилет: ден-соолукка зыян келтирбеген маалыматтарды тандоо жана алар менен иштөө.-физикалык коопсуздук: мектептин имараттары техникалык талаптарга, анын ичинде авариялык коопсуздук талаптарына шайкеш келет.-экологиялык коопсуздук:· класстарды өз убагында желдетип туруу;· ичүүчү суунун болушу; канализациянын болушу;· ден-соолукка пайдалуу тамак-аштын берилиши;· окуу бөлмөлөрдүн жогорку сапаттагы жарыктын болушу;· температуралык режимдин сакталышы;· мектептин ичинде желдетүүчү бөлүктөрдүн болушу;· алма-бакчанын болушу.Коопсуздук иш-чаралары, жол эрежелери, өрт коопсуздугу жана жарандык коргонуу боюнча класстык сааттар өтүлүп турат. Ар бир класста Ден соолук бурчу, техникалык коопсуздук бурчу бар. Класстык бөлмөлөрдө,залда коопсуздук эрежелерини көрсөтмөлөрү илинген. Окуучуларга тааныштырылып кол койдурулган документтер бар. Өрт жана экологиялык коркунучтарды жоюу үчүн өрт өчүрүүчү щит жана ага тиешелүү жабдыктар: өрт өчүрүүчү балондор, күрөк, лом, кум салынган ящик, өрт өчүрүүчү гидрант бар.Спорт залдын имараты билим берүү, машыгуу сессияларын, мектеп окуучуларын жалпы дене тарбияга жана спорттук оюндарга — стол теннисин ишке ашыруу үчүн арналган.Спорт залдын иш убактысы 2 смена, машыгуу залынын узактыгы 8.00-18.00.Тамактар менюга ылайык берилет. Нан азыктары азык -түлүк контейнерлеринде камтылган. Бардык продукциялар сертификатталган, продукциянын сапаты жана коопсуздугу мектептин окуу бөлүм башчысы тарабынан көзөмөлдөнөт. Башталгыч класстарда бекер тамактанууну ишке ашыруу үчүн идиштер жетиштүү өлчөмдө, текчелерге коюлуп, камкорчулар тарабынан уюштурулган. Кесилген идиштерди колдонууга тыюу салынат. Ашкананын жабдуулары жана шаймандары белгиленген.Азыркы учурдагы пандемияга каршы санитардык-гигиеналык нормалардын бардыгы аткарылууда. Мектепте кирүү фильтри уюштурулуп, ар бир окуучунун жана мгалимдердин дене табын текшерүү жана ден соолугунун абалы жөнүндө атайын журналга катталып, түшүрүлөт. |
Мектептин материалдык-техникалык базасын жана маалыматтык ресурстарын өркүндөтүү максатында, инвестиция тартуу боюнча социалдык өнөктөш катары иштейт, долбоордук иш-чараларды даярдайт, коомдук фонддор менен кызматташууну жөнгө салат.МТБ боюнча анализ жүргүзүлүп катталган Долбоор тартуу жана МТБ жакшыртуу боюнча өсүш жылдан жылга көбөйүүдө.2016-2017-окуу жылында 20%2017-2018-окуу жылында 30%2018-2019-окуу жылында 40%2019-2020-окуу жылында 50%2020-2021-окуу жылында 55% | Материалдык-техникалык база |
Алсыз жактар: Актовый залдын жоктугу,лабороториялык каражаттардын жетишсиздиги,компьютердин жетишсиздиги,мектепте медициналык кызматкердин штатынын жоктугу.
№ | Аталышы | 2017-2018 | 2018-2019 | 2019-2020 | 2020-2021 |
1 | Ноутбук | 1 | |||
2 | Компьютер | 13 | |||
3 | Проектор | 1 | |||
4 | Телевизор плазменный | 2 | |||
5 | МФУ | ||||
6 | Интерактивдүү такта |
Мектептеги финансылык пландаштыруу жеке пландаштыруу сыяктуу принциптерге негизделген. Мектептин мүлкүн жана финансылык ресурстарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:· Мамлекеттен алынган каражаттар;· бюджеттен тышкаркы фонддор;· Ата -энелердин, башка жеке ыктыярдуу демөөрчүлөр;Бюджеттик ресурстар — мекемеге оперативдүү башкаруунун негизинде берилген мүлк, телевизор, видео жана аудио жабдуулар, компьютердик жабдуулар менен жабдылган. Мектеп берилген мүлктү эффективдүү пайдаланат, мүлктүн сакталышын жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылат.Мүлктүн техникалык абалынын бузулушуна жол бербейт ж ана пайдаланган мүлктүн бузулган учурларында оңдоону жүргүзөт |
Жылытуу системасынын болуусу | Ооба |
Жылытуу системасынын функционалдуулугу | От жагуу менен |
Предметтик лабороториясынын болушу | Бар(жарым-жартылай) |
Мектеп имараттын жалпы абалы | Канаттандырарлык |
Окуу кабинеттери | 19 |
Административдик бөлмөлөр | 3 |
Ажатканалар (сырткы) | 2 |
Тил кабинеттери | 3 |
Лаборотория(химия,физика) | 2 |
Китепкана | 1 |
Спорт аянча | 1 |
Спорт зал | 1 |
Ашкана | 1 |
Эмгек кабинети | 1 |