|
|
|
|
Мектептин маалымат коопсуздук системасы маалымат базаларынын жана андагы сыр сөзүн маалыматтардын массивдеринин коопсуздугун камсыздайт.Мугалимдер жана окуучулар кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар электрондук почта көзөмөлдөнүп турат.Мындан тышкары ,баланын белгилүү бир сайттарга жеткиликтүүлүгүн чектеген программалык камсыздоо каралган.Бала үйдө ала турган маалыматтарды чектөө боюнча да милдеттер ата-энелерге жүктөлгөн.Бул бала катышкан баракчаларды көрүү зарыл.Аны издөө талдоонун негизинде жетүү окуу жайда белгиленген эсептоө менен чектелген сайттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот |
Күчтүү жактары: Мектепте тажрыйбалуу, ар тараптуу өнүккөн мугалимдердин болушу; Окуучулардын билимин баалоо электрондук журнал менен жүргүзүлушү; Бүтүрүүчүлөрдүн Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн ЖОЖ билим алуусу; Окуучулардын райондук жана областтык олимпиадалардагы ийгиликтери жана ага карата даярдоодогу мугалимдердин тажрыйбасы; Окуу процессине кызыкдар болгон ата-энелердин көбөйүшү ; Окуучулардын 89% окуу китептери менен камсыз болушу; |
Алсыз жактар: 1. Адабий окуу китептеринин аздыгы. 2.Мугалимдер үчүн методикалык китепчелердин жетишсиздиги. 3.Заманбап инновациялык технологиялардын жетишсиздиги |
Мектепте ар кандай технологиялар, практикалык иштер, жашоо образымугалимдердин өз ара аракеттенүү түрү, максаттар жана жыйынтыктар мамлекеттик стандарттарга ылайык., | Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча маалымат (мониторинг) |
| Сабактарды өтүүдө жана окуучулардын билимин баалоодо инновациялык-технологияларды колдонуучу предметтердин тизмеси. |
| Сабактын талдоо картасы,мектепте колдонулган сабактын планынын макети. |
“Мектептин сыймыктары” деген стенттери уюштурулган. Баалоонун жыйынтыгы боюнча кайра кароо тартиби ички жергиликтүү актылар менен жөнгө салынат, атайын конфликт коммиссиясы түзүлгөн. Конфликт коммиссиясы директордун буйругу менен бекитилген. Акыркы 5 жыл ичинде конфликт коммиссиясына атайын арыздар катталган эмес. |
|
Окуучу алган баасына нааразы болгон учурда администрацияга оозеки же жазуу түрундө кайрылууга укуктуу.Экзамендеги жана олимпиадагы баага аппеляция жазуу жүзүндө берилсе тартиби боюнча каралат. | 2020-2021-окуу жылындагы мамлекеттик аттестациялоо жобосу |
|
5 жылдын ЖМА жыйынтыктарын анализдөө менен ЖРТнын көрсөткүчтөрү билим сапатын жогорулатуу боюнча бардык звенолордун системдүү ишинин жыйынтыгы болуп калды деп айтууга болот. 5 жыл үчүн баллдын орточо мааниси 120дан 156 баллга чейин кармалат. Олимпиада жыйынтыгына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен, акыркы 5 жылдан бери Биримкул атындагы орто мектепте байге орундарынын саны боюнча 1 ден 3-кө чейин жогорулагандыгын белгилейт. Жогорку көрсөткүчтөр гуманитардык жана эстетикалык гуманитардык циклдеги сабактар боюнча эле, англис тили, математика,химия жана орус тили боюнча байгелүү орундар жок. Окуучулардын окуу жүктөмүнө, жетишүүсүнө мониторинг окуу сабактарынын жана бүтүрүү класстарындагы НЦТ багыты боюнча облустук тестирлөөнүн акыркы жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. Жыйынтык окуу-тарбиялоо процессинин
|
Окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жана кызыкдар тараптардын кайрылуулары, арыздары жана даттануулары Биримкул атындагы орто мектебинин “Билим берүү мамилелеринин катышуучуларынын ортосундагы талаштарды жөнгө салуу боюнча комиссия түзүү, ишин уюштуруу, чечимдерди кабыл алуу жана алардын аткарылышы жөнүндө” жобого ылайык каралат. Кайрылуу жазуу түрүндө берилет. Даттанууда билим берүү мамилелеринин катышуучуларынын укуктарын бузган айкын фактылар же белгилер, бузууга жол берген адамдар, жагдайлар көрсөтүлөт. Кайрылуунун негизинде талаштарды жөнгө салуу боюнча комиссия тарабынан 10 окуу күнүнүн ичинде кырдаалга талдоо жүргүзүлөт жана жыйындын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Комиссиянын жыйналышына кайрылуу жөнөткөн адамдар да, аракеттери кайрылууда коюлган адамдар да катыша алышат. Кайрылууларды объективдүү жана ар тараптуу кароо үчүн комиссия жыйындарга тартууга жана билим берүү мамилелеринин башка катышуучуларын угууга укуктуу. Комиссия жыйынга катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат. Билим берүү мамилелеринин катышуучуларынын укуктарын бузуу фактылары аныкталган учурда, комиссия бузулган укуктарды калыбына келтирүүгө багытталган чечим кабыл алат. Бузууга жол берген адамдарга укуктарын бузуу менен окуучулардын, ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жашы жете элек окуган, ошондой эле уюмдун кызматкерлеринин, комиссия эрежелерди бузууларды жою жана келечекте болтурбоо милдеттерин жүктөйт. Эгерде мектептик комиссия даттанууну негизсиз деп эсептесе, арыз ээсинин укуктарын бузуу боюнча даттанууну канааттандыруудан баш тартат. Комиссиянын чечими протокол менен бекитилет, билим берүү мамилелеринин бардык катышуучулары аткарууга милдеттүү жана көрсөтүлгөн мөөнөттө окуучулардын ата-энелеринин оозеки кайрылуулары аткарылууга тийиш жана мектептин директору тарабынан кайрылуулар журналына жазылат. Билим берүү программасынын катышуучуларынын укук бузууларга чара көрүү жол-жоболору төмөнкү жоболор менен регламенттелет: -Биримкул атындагы орто мектебинин “Билим берүү мамилелеринин катышуучуларынын ортосундагы талаштарды жөнгө салуу боюнча комиссия түзүү, ишин уюштуруу, чечимдерди кабыл алуу жана алардын аткарылышы жөнүндө” жобосу
-Биримкул атындагы орто мектебинин “Профилактика уюму жөнүндө” жобосу. Алдын алуу кеңеши жашы жетпегендерге төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу: эл алдында же жеке түрдө жабыр тартуучудан кечирим суроого милдеттендирүү;; — мектеп ичиндеги каттоого коюу; — жалпы билим берүү мекемесинин администрациясына өтүнүч берүүгө: а) эскертүү берүү жөнүндө; б) сөгүш же катуу сөгүш жарыялоо жөнүндө; в) жашы жете электер боюнча ИДН ге өтүнүч кат жөнөтүү жөндө; Жашы жетелек балдардын ата-энелерине: а) ата-энелерди педагогикалык кеңешке чакыруу жөнүндө; Б) ИДНге сунуштама жөнөтүү жөнүндө; |
Мектептин совет профилактикасы |
Күчтүү жактар:1.Тажрыйбасы менен методикасы айкалышкан мугалимдердин сабак берүүсү.
2.Инновациялык-технологияны жогорку сапатта өздөштүргөн мугалимдердин сабак өтүшү.
3.ЖРТ жана райондук олимпиадага катышкан окуучулардын ийгиликтерге жетишиши .
Алсыз жактар: 1.Кээ бир ата-энелердин балдарынын билим алуусуна көңүл кош мамиле жасагандыгы
2.Мектепте окуучулардын укугу жогору,ал эми мугалимдин кадыр-баркынын төмөндүгү мугалим окуучудан канааттандырарлык жооп ала албагандыгы бүгүнкү күндөгү чоң көйгөй.
Жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык жамаатынын штаты ишке ашырылып жаткан программаларга жана билим берүү процессинин талаптарына дал келет. Мектепте 28 мугалим эмгектенет, алардын 2өө учурда төрөт өргүүдө. Мугалимдердан 90 % жогорку билимдүү. Мугалимдердин 100% квалификациялык адистикке ылайык иштешет. Билим берүнүн мыктысы- 9 мугалим. Жыл сайын мектеп кызматкерлери кыска мөөнөттүү квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп турушат. Билими боюнча: Жогорку-26 Атайын орто билимдүү-2 Эмгек стажы боюнча: 5-жылга чейин – 5 10-15 ж чейин -10 20-30 ж. чейин — 8 30 ж. жогору – 5 Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 144-беренесинин негизинде мектепте төмөнкүлөр иштелип чыкты жана кабыл алынды «Сокулук районунун Биримкул атындагы орто мектебинин кызматкерлери үчүн ички эмгек тартибинин эрежеси». Ишке талаптарга ылайык келген жана билим жөнүндө документтер менен ырасталган зарыл кесиптик-педагогикалык квалификациясы бар адамдар кабыл алынат. Ишке кабыл алууда төмөнкү документтер берилет (КР БК 64-бер.): — ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду ; — паспорт же инсандыкты күбөлөндүргөн башка документ ; — эмгек китепчеси , буга эмгек келишими биринчи жолу түзүлгөн же кызматкер айкалыштырып иштөө шарттарында ишке кирип келген учурлар кирбейт; -ИННдин көчүрмөсү; — Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруунун камсыздандыруу күбөлүгү; — аскердик каттоо документтери; — тиешелүү билими жөнүндө документ. Жогоруда саналып өткөн документтерсиз ишке кабыл алууга жол берилбейт. Ишке кабыл алууда эмгек контракты (Эмгек кодексинин 58-беренеси) кызматкер менен администрациянын өкүлүнүн ортосунда жазуу жүзүндө түзүлөт. Жаңыдан келген кызматкер төмөнкүдөй документтер менен таанышат: — «Мектептин уставы»; — ички эмгек тартибинин эрежелери; — эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо буйругу; — кызматтык нускама; — кызматкердин эмгек ишин жөнгө салуучу башка локалдуу актыларды. Кызматкерге өздүк баракчасы, эмгек китепчеси ( КР СК 65-бер.) ачылат. Иш күнүнүн узактыгы жумалык окуу жана кошумча коомдук жүктөмдөргө жараша белгиленет. Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө”, жана КР “Эмгек кодексине” ылайык эки тараптуу келишимдер жүргүзү лөт. Кадрларды жаш адистер менен толуктоонун негизги булагы — бул педагогикалык окуу жайлар.Мектептин башчысынын орун басарларын алмаштыруу өзүнүн кадрдык резервинен жүргүзүлөт. Жетекчи кызматтарга дайындоодо мектеп директору чечим кабыл алат. Кызматкерди бир кызматтан экинчи кызматка которууда анын кызыкчылыгы жана мектептин кызыкчылыгы эске алынат.Кызматкерди мурунку кызмат ордунда мажбурлап кармап турууга жол берилбейт. Мектеп жетекчисинин орун басарларын тандоодо алардын сапатына баа берилет: -вакансия профилиндеги квалификациясы жана иш тажрыйбасы, ошондой эле менеджердик иш стажы -командалык иштөө стилинин принциптери менен макулдашуу; -демилге, көзкарандысыздык, активдүүлүк; -адамдар менен иштөөнүн оң тажрыйбасы; -мансап тепкичинен көтөрүлүүнү каалоо; -пландаштыруу, уюштуруу, контролдоо, чечим кабыл алуу көндүмдөрү. |
Мектеп кызматкерлерине эмгекти коргоо, коопсуздук жана ушул сыяктуу мыйзамдарга таандык башка багыттар боюнча окутуулар өткөрүлөт. Мектеп ар бир адамга квалификациясын жогорулатуу институттарында жана окуу семинарлары, конкурстарга жана конференцияларга катышуу аркылуу үзгүлтүксүз окутууну уюштуруу менен адистердин кесиптик квалификациясын сактап калуу зарыл деп эсептейт. Мектеп өз кызматкерлерине окуу жылындагы тарификацияга ылайык эмгек акынын туруктуу бөлүгүн төлөп берет Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 144-беренесинин негизинде мектепте төмөнкүлөр иштелип чыкты жана кабыл алынды «Сокулук районунун Биримкул атындагы орто мектебинин кызматкерлери үчүн ички эмгек тартибинин эрежеси». Ишке талаптарга ылайык келген жана билим жөнүндө документтер менен ырасталган зарыл кесиптик-педагогикалык квалификациясы бар адамдар кабыл алынат. Ишке кабыл алууда төмөнкү документтер берилет (КР БК 64-бер.): — ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду ; — паспорт же инсандыкты күбөлөндүргөн башка документ ; — эмгек китепчеси , буга эмгек келишими биринчи жолу түзүлгөн же кызматкер айкалыштырып иштөө шарттарында ишке кирип келген учурлар кирбейт; -ИННдин көчүрмөсү; — Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруунун камсыздандыруу күбөлүгү; — аскердик каттоо документтери; — тиешелүү билими жөнүндө документ. Жогоруда саналып өткөн документтерсиз ишке кабыл алууга жол берилбейт. Ишке кабыл алууда эмгек контракты (Эмгек кодексинин 58-беренеси) кызматкер менен администрациянын өкүлүнүн ортосунда жазуу жүзүндө түзүлөт. Жаңыдан келген кызматкер төмөнкүдөй документтер менен таанышат: — «Мектептин уставы»; — ички эмгек тартибинин эрежелери; — эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо буйругу;; — кызматтык нускама; — кызматкердин эмгек ишин жөнгө салуучу башка локалдуу актыларды. Кызматкерге өздүк баракчасы, эмгек китепчеси ( КР СК 65-бер.) ачылат. Иш күнүнүн узактыгы жумалык окуу жана кошумча коомдук жүктөмдөргө жараша белгиленет. Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө”, жана КР “Эмгек кодексине” ылайык эки тараптуу келишимдер жүргүзү лөт. |
Мугалимдин үзгүлтүксүз билим алуусу анын интеллектуалдык, адеп-ахлактык касиеттеринин шартта өсүүсүнө, өзүнүн коомдук маанисин, бийик жеке жоопкерчилигин, таанып-билүү активдүүлүгүн, өзүн-өзү өркүндөтүүсүнө жардам берет. Педагогдордун үзгүлтүксүз билим алуусу Жогорку окуу жайларында жана башка билим берүү мекемелеринде, мектептин, райондун ичинде методикалык иштердин ар кандай формалары аркылуу квалификацияны жогорулатуу курстарында ишке ашат: -квалификацияны жогорулатуу курстары; -мектеп ичинде же башка мектептерде семинарлар; -предметтик-усулдук бирикмелердин ишмердүүлүгү; -мектептин бирдиктүү методикалык темасы (көйгөй) боюнча иштөө; — ачык сабактарды даярдоо жана өткөрүү, аларга баруу жана талдоо боюнча иштер; — насаатчылык; — алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды изилдөө, жалпылоо жана жайылтуу; — жекече өзүн-өзү окутуу иши. Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу алдында (Бишкек ш.) квалификацияны жогорулатуу курстарында ишке ашырылат. Курстардан өтүү мезгили 5 жылда 1 жолу. Квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүү планы азыркы учурда 70% да, 2015-жылдан 2021-жылга чейинки курстан 17 киши өттү. Мектепте жыл сайын «Жылдын мугалими», «мугалимдин мыкты портфолио» сынактары өтүп, алардын бир критерийи болуп, квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөндүгү тууралуу маалымат саналат. Биримкул атындагы орто мектеби Сокулук районунда өткөрүлүүчү 2018 — “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунан, Кыдырбаева Бактыгүл Ишеновна 3 орунга ээ болду. 2010-“Жылдын мыкты мугалими” конкурсунан Кытаева Света Тагайбековна. “Жылдын мыкты мугалим-2010” конкурсунда райондон гранприни. Областан 1-орунду, ал эми Республикадан тарых сабагы боюнча 5- орунга жеткен бул да болсо мугалимдин чеберчилиги болуп саналат. Ал эми,мугалимдерди шыктандыруу максатында математика сабагынын мугалимдерине Жусуп Тузабаев атындагы 1-жолу берилүүчү сый акы берилет.Ал эми окуучулар үчүн алган балына жараша стипендия берилет.
|
Күчтүү жактар: Коллектив педагогикалык адистер менен толукталган:
жогорку билимдүү-80 % пайыз,
орто билимдүү — 20% мугалимдер түзөт. Административдик кызматкерлер профессионалдардан турат. Мамлекеттик программалардын аткарылышы контролдонот, ар кандай деңгээлдеги билим берүү мекемелери сунуш кылган методика өздөштүрүлөт жана колдонулат. Мугалимдер мамлекеттик мекемелер тарабынан уюштурулган курстарга, семинарларга жана тренингдерге катышып, жалпы билим берүү уюмунда квалификациясын жогорулатуу менен педагогикалык чеберчиликтин деңгээлин дайыма жогорулатып турушат. Билим берүү чөйрөсүндөгү инфраструктурасы өнүккөн, кружоктор жана секциялар иштейт.
Алсыз жактар:
Каражаттын жетишсиздигинен коопсуздук кызматы жана медициналык персонал жок. Мектептин улуу муундагы педагогторунун кээ бирлери компьютердик сабаттуулукту толук өздөштүрө албай жатышат.
Мектепте 1- китеп кана, 1- информатика кабинети, 13 компьютер, 1-ноутбук, 2 – телевизор бар. Мектепте интернет кошулган 1 компьютер интернет чынжырчасына туташтырылган. Бул мугалимдерге иш-чараларды даярдоодо, материалдык ресурстарды табууда жардам берет, аларды билим берүү прецессин сапаттуу жүргүзүү үчүн жетиштүү көлөмдө мугалимдерге жана окуучуларга сунуш кылышат. Мугалимдердин 80% зы сабактарда ИКТны колдонушат. Мектептин спорттук аянтчасы жана спорт залы бар. Алар спорттук инвентарлар менен жабдылган . Жабдуулары менен материалдык-техникалык база талаптарга жооп берет, акыркы жылдары позитивдүү динамиканы берет, демөөрчүлөрдүн жардамы менен үзгүлтүксүз көбөйүп, жаңыланып турат. Мектеп окуу иштери боюнча мезгилдүү басма сөзгө тынымсыз жазылып турат. | Материалдык-техникалык база |
Мектепте иш күнүндө мугалимдердин дежурствосу түзүлгөн.
Дежур мугалимде төмөнкү документтер уюштурулган:
— келүүчүлөрдү эсепке алуу журналы;
— сабактардын расписаниеси;
— ийримдердин (секциялардын)ишинин расписаниеси;
— сабактардын танаписи;
— кызмат адамдарынын жана мугалимдердин кезметчилик графиги;
Мектептин аймагы дайыма тазалыкта жайгашкан, жалбырактарын, кургак чөптөрдү тазалайт жана аймагынан алып чыгат. Эвакуациялык өткөөлдөр эркин жана кандайдыр бир буюмдар менен тосмолонбойт. 1 даана сандагы өрт өчүргүчтөр коридорлордо 1,5 метр бийиктикте залда жайгаштырылган. Көрүнүктүү жерде мектеп директору тарабынан бекитилген эвакуация планы илинет.
Бардык окуу кабинеттеринде, ашканада, дене тарбия мугалимдеринде медициналык аптечкалар бар. Мугалимдерге жана класс жетекчилер тарабынан окуучулардын сабактарда, тарбиялоо иш-чараларында жана башка жумуштарда эмгекти коргоо боюнча үзгүлтүксүз инструктаж өткөрүлүп турат. Мектепте №2 буйруктун негизинде “Ыктыярчылар тобу” түзүлгөн жана милдеттери менен тааныштырылган. Санитардык эрежелерди жана ченемдерди сактоо максатында .
Мектеп окуучулар үчүн шарттарды түзүү боюнча максатка багытталган иштерди жүргүзүп жатат. Сапаттуу суу менен камсыздалынган, окуучулар үчүн каалаган убакта ичүүчү сууга тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Тамактапнуучу жайда колду жуу үчүн атайы бөлмөдө 30 орунга туура келгендей кылып 6 кран коюлган. Мектепте дайыма тазалоо иштери жүрүп турат, жума күндөрү кызматкерлер тарабынан башкы тазалоо иштери жүргүзүлөт. Окуу кабинеттери, ар кандай бөлмөлүү өсүмдүктөр менен жашылдандырылган. Мектептин аймагы тосулган, жетиштүү санда бак-дарактар, жемиш бактары, балатылар, бадалдар отургузулган. Бардык класстарда жетиштүү жарык берүү туура коюлган. Мектептин терезелери пласстик терезелерге жана мектептин чатыры темирге алмаштырылган.
Ар бир танаписте кабинеттер желдетилип турат. Жылуулук режими 180 -240 сакталат.
Тамак-аш менюга ылайык берилет. Нан-булочка азыктары тамак-аш контейнерлерде сакталат. Бардык азыктары күбөлөндүрүлгөн, сапаттуу жана коопсуздук азыктарды мектептин окуу бөлүмүнун башчысы көзөмөлдөйт. Башталгыч мектептерде акысыз тамак-аш жасоо үчүн идиш-аяктар жетиштүү санда стеллаждарга жайгаштырылган. Сынык идиштер колдонулбайт. Ашканадагы жабдуулар жана шаймандар маркировкаланган.
Мектептин материалдык-техникалык базасын жана маалыматтык ресурстарын өркүндөтүү максатында, инвестиция тартуу боюнча социалдык өнөктөш катары иштейт, долбоордук иш-чараларды даярдайт, коомдук фонддор менен кызматташууну жөнгө салат. Жыл сайын инвентаризациялоо боюнча актылар түзүлөт, мектеп жабдууларынын сакталышы дайыма байкоого алынат. Спорттук инвентарлар, мектеп эмереги, мектепти жакшыртуу максатында бөлүнгөн каражаттардын эсебинен алынып турат. Материалдык – техникалык базанын абалы жана материалдык-техникалык
мектеп имараттары, негизинен санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча талаптарга жооп берет.
Бул чөйрөдө коопсуздукту баалоо жүргүзүлүп жатат, мектепте коопсуздук паспорту бар.
Күчтүү жактар:
Мектептин аймагына жакын жерде жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн болушу.
Өлкөнүн санариптештирүү программасын ишке ашырып, мектеп мугалимдеринин интернет-ресурсун колдонуп, “Эл мектеп” электрондук күндөлүгүн, “Жаңы китеп”, ИСУО маалыматтык системалары менен иштешет.
Сунуш-көрсөтмөлөр: Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча ишти улантуу.
Алсыз жактар:
Мектептин өрт коопсуздугунун жарым-жартылай жетишсиздиги. Интерактивдүү доскалардын, проекторлордун, телевизорлордун, компьютерлердин жетишсиздиги.